Агроөнөр жай комплекси өндүрүшүнүн көлөмү өсүүдө

Агроөнөр жай комплекси өндүрүшүнүн көлөмү өсүүдө

Өлкөдө айыл чарба комплекси өндүрүшүнүн көлөмү өсүүдө. Казакстан 2020-жылы азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык рейтингдеги өз позициясын жакшыртып, 113 мамлекеттин ичинен 32-орунга чыкты. Республика Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн арасында айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча алдыңкы орунда турат. Бул тууралуу өлкө Парламентинин биргелешкен жыйынында премьер-министр Аскар Мамин өкмөттүн иши жөнүндө отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, негизги 29 азык-түлүк товары боюнча коопсуздукту камсыз кылууда 59 долбоор ишке ашырылды. Бул 48 сүт фермасы, 3 эт комбинаты, 8 канаттуулар фабрикасы. Алар жалпы көлөмү 220 миң тоннадан ашык өнүм өндүрүштү.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Коронавирус каатчылыгы учурунда агроөнөр жай комплекси улуттук экономиканын туруктуулугун жана өзүн-өзү камсыздоонун кыймылдаткыч күчүнө айланды. Өткөн жылы өлкөнүн айыл чарбасына тартылган инвестициялар 15 пайызга, ал эми тамак-аш өндүрүшүнө салынган инвестициялар он үч жарым пайызга көбөйгөн. 20,1 миллион тоннадан ашык дан жана кылкандуу дан эгиндери бастырылды. Дан эгиндеринин сапаты 80 пайызга жакшырды. Бул акыркы 5 жылдагы эң жакшы көрсөткүч.

Ошондой эле өкмөт башчысы 2020-жылы улуттук экономиканы индустриялаштыруунун алкагында агроөнөр жай комплекси менен катар металлургия, унаа жасоо, курулуш жана химия өнөр жай тармактарында 200дөн ашуун долбоорлор ишке ашырылгандыгын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков