Батыш жылдыздары альбомдорунун мукабасын жасаган казакстандык сүрөтчү

Батыш жылдыздары альбомдорунун мукабасын жасаган казакстандык сүрөтчү

Drake, SAINt JHN, DaBaby. 24 жаштагы казакстандык сүрөтчү чет элдик белгилүү артисттердин альбомдоруна мукаба жасады. Анын алгачкы кардарларынын бири америкалык блоггерлер BoonkGang жана FunnyMike болду. Ал эми андан кийин жаш сүрөтчүгө буюртма бергендердин катары арбыган. Жумадил Елукеневдин портфолиосу акыркы 6 жыл ичинде жүздөгөн уникалдуу чыгармалар менен толукталды.

Жумадил Елукенев, сүрөтчү-иллюстратор:

- Башында мен Нью-Йорктогу рэп аткаруучунун Snoopy Dinero аттуу альбомунун үстүнөн иштедим. Дал ушул рэпер жарыялаган сынакта миң доллар утуп алган элем. Андан кийин кичинекей мукабаларды жасап, кийин блогерлер менен иштеше баштадым. Ошентип, мага келген ырчылар да көбөйдү. Азыркы учурда мен Нью-Йорктогу, Калифорниядагы кардарлар менен тыгыз байланыштамын. Мисалы, учурда рэп аткару учулардан Interscope Records аттуу лейбл менен иштеп жатам.

Альбомдун мукабасына буюртмалар негизинен чет өлкөлөрдөн келет. Ал эми Казакстанда сүрөтчү ири долбоорлордун үстүндө иштейт. Мисалы, Жумадил Алматы шаарындагы медициналык кызматкерлер үчүн дубалдын автору экендигин белгилей кетүү керек.

Жумадил Елукенев, сүрөтчү-иллюстратор:

- Алгачкы дубал коронавирус эпидемиясы күчөп турган мезгилде дарыгерлерге колдоо көрсөтүү максатында 2020-жылы салынды. Быйыл дагы бир дубалга сүрөт тартам деген оюм бар. Азыркы учурда менде шаардык имараттардын дубалдарына эмне тартуу керектиги жөнүндө көп ойлор пайда болду. Ошондуктан ушул жайда бирөөсүн тартам деп ойлоп жатам.

Таланттуу сүрөтчүнүн келечекке чоң мерчемдери бар. Ал сүрөт жана граффити жаатында ийгиликтерге жетүүнү көздөйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков