Казакстандыктардын кирешелери 12 пайызга чейин өстү

Казакстандыктардын кирешелери 12 пайызга чейин өстү

221 миң теңге. Бул шаарда жашаган казакстандыктардын орточо эмгек акысы. Rankin.kz порталынын адистери Статистика бюросунун маалыматтарынын негизинде калктын кирешесин эсептеп чыгышты. Айылда жашагандардын эмгек акысы орточо эсеп менен 161 миң теңгени түзгөн.

Ири шаарлардын жашоочуларынын кирешелери эң жогору экени аныкталды. Маселен, борбор калаанын калкынын орточо кирешеси 276 миң теңге болсо, алматылыктардын кирешеси 246 миңден ашат. Караганды облусунун тургундары ушундай эле көлөмдө маяна алышат. Ал эми эң аз эмгек акы Түркестан, Жамбыл облустарында жана Шымкент шаарында катталган. Шаар менен айыл тургундарынын ортосундагы кирешенин айырмачылыгы 40 пайыздан 38 пайызга чейин кыскарган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков