Казакстанда жаңы курулуш технологиясы колдонулат

Казакстанда жаңы курулуш технологиясы колдонулат

Модулдук курулуш. Ата мекендик компаниялар алдын ала куюлган пайдубалга үйдүн даяр бөлүктөрүн орноштуруу менен конструктор сыяктуу кураштырат.

Айта кетсек, үйдүн тутумдары дубалдарга бириктирилген. «Префаб» ыкмасы менен салынган турак-жайлар толугу менен заводдо жасалат. Мындай ыкма жогорку сапаты жана үнөмдүү болушу менен айырмаланат. Дагы бир өзгөчөлүгү турак жай массивдерин куруунун бул багыты аба ырайына көз каранды эмес. Талдоочулардын айтымында, курулуштун жаңы тутумун колдонууга киргизүү турак жайдын баасын туруктуу кармап, курулуш жараянын тездетүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө, мобилдик үй курулушу айрыкча Америка Кошмо Штаттарында кеңири колдонулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков