«Жылдыздар изи»: Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган көргөзмө

«Жылдыздар изи»: Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган көргөзмө

Заманбап графика жана сүрөт, гобелен иммитациясы жана анималистикалык жанр. Мунун бардыгы - жаш кыл калем чеберлеринин чыгармалары. Нур-Султан шаарында Казакстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган «Жылдыздар изи» аттуу көргөзмө ачылды. Анда борбор калаанын жаш сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган. Темасы «Ата Мекенге болгон сүйүү» болгону менен, алардын ар бири өлкөсүнө болгон сезимдерин өзүнчө билдирген.

Любовь Токтабекова, сүрөтчү, Нур-Султан шаарынын жогорку политехникалык колледжинин окутуучусу:

- Нур-Султан шаарында жайгашкан Жогорку Политехникалык Колледжинин көргөзмө курамы дал ушул «Чоң энелер, неберелер» чыгармалар жыйнагы менен ачылууда. Башкача айтканда, биз бул аркылуу жаш муундарга патриоттуулукту тарбиялоону көздөп жатабыз. Бул эмгекти окуу жайдын мурунку бүтүрүүчүсү жасап чыгарды. Майлуу боёк техникасын колдонгон. Андан кийинки чыгармалар студенттердин колунан жасалган. Биз болжол менен 50гө жакын жумуш сунуштадык. Бардыгы ар кандай стилде жасалган. Алардын бири гобелен.

Сүрөтчү, мугалим Любовь Токтабекованын айтымында, гобелен имитациясы техникасында колдонулган жүн жана жип менен иштөө оңой эмес. Мисалы, бир чыгарманы иштеп чыгуу үчүн чебер эки ай бою талыкпай эмгектениши керек. Ал эми айрым чыгармаларды жалгыз жасоо мүмкүн эмес. Көпчүлүктүн жардамы керек болот. Көркөм өнөргө эми гана кадам таштаган жаш чеберлердин эмгегин бир ай бою көрүүгө болот.

Кайрат Ахметов, Нур-Султан шаардык биргелешкен музейлер дирекциясы мүдүрүнүн орун басары:

- Биздин «Түбөлүк өлкө» салтанат дарбазасында ай сайын ар кандай көргөзмөлөр уюштурулуп турат. Алдыда келе жаткан шаар күнүнө жана Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата сүрөтчүлөрдүн мыкты чыгармаларын тартуулоону мерчемдеп жатабыз. Учурда болуп жаткан жана ушул сыяктуу иш-чараларды эгемендүү мамлекеттин мааракесине арнадык. Ар бир көргөзмө бир айга созулат. Биз өнөр ордолору менен тыгыз кызматташууну орното алдык. Алар өз эмгектерин сунуштоо менен катар, алардын студенттери биз менен бирге 2 айлык тажрыйбадан өтүшөт.

Борбор калаадагы политехникалык колледж студенттеринин эмгектери сунушталган көргөзмөлөр тез-тез уюштурулуп турат. Билим алуучулардын көпчүлүгү ар кандай деңгээлдеги эл аралык сынактардын, сүрөт фестивалдарынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков