Программист-айымдар жогорку технологиялык мектебинин грантын утуп ала алышат

Программист-айымдар жогорку технологиялык мектебинин грантын утуп ала алышат

Программист-айымдар борбордогу жогорку технологиялык мектепте окууга грант үчүн ат салышат. Сынакка КМШ өлкөлөрүнүн IT-адиси болууну каалагандар катыша алат. Сынактын жеңүүчүлөрү Силикон өрөөнүнөн келген платформада программалоо мектебинде билим алуу үчүн толук каражат алышат. Алар талаптарга ээ болгон веб-иштеп чыгуу, маалыматтарды анализдөө жана программалык камсыздоо сыяктуу популярдуу IT багыттарын өздөштүрүшөт. Талапкерлер биринчи кезекте шыктандыруучу дилбаян жазып, андан кийин маектешүүдөн өтүшү керек. АЭКБдан билдиришкендей, сынактын катышуучуларын тандоодо алар буга чейин ээ болгон жөндөмдөрдү эмес, жаңы билимди түшүнүүгө болгон күчтүү каалоолорун эске алышат. Башкача айтканда, заманбап көндүмдөрдү нөлдөн баштап өздөштүргөндөр дагы өз багын сынап көрүшөт. Болгону 20 катышуучу программалоонун алдыңкы борборлорунда тажрыйба топтой алышат. Учурда 100дөн ашуун адам арыз тапшырган.

Эльмира Обри, АЭКБ бюросунун башчысы:

- Дүйнөдөгү программалоо мектептеринин глобалдык агрегатына ылайык, аялдардын саны 32 пайыздан 49га чейин көбөйтүлдү. Дүйнө жүзү боюнча статистика ушундай. Бул тармакта кыздар менен аялдардын саны Казакстанда дагы көбөйүшүн каалайбыз. Ошондуктан бул сынакты ачтык. Жумушка орношуунун келечеги абдан жакшы. Азыркы учурда казакстандык жана эл аралык компаниялар биздин бүтүрүүчүлөрдү жумушка чакыруу үчүн кезекте турушат.

Жеңүүчүлөр 9 айга созулган окуу программасын аралыктан үйрөнүшөт. Грант ээлеринин катышуучулары эмитен баштап өз графиктеринен жумасына кеминде 20-40 саатын окуу үчүн бошотуулары керек. Белгилей кетүүчү нерсе, жараяндын өзү жигердүү окутуу методдоруна негизделген. Мугалимдердин айтымында, студенттер тапшырмалардын жоопторун өздөрү таап, биргеликте долбоорлордун үстүндө иштешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков