Онлайн режимдеги соода-сатык

Онлайн режимдеги соода-сатык

Казакстанда Биржа комитетинин Кырдаалдык борбору ачылды.

Эми адистер биржалык сооданы онлайн режиминде көзөмөлдөп, монополияга каршы талаптардын сакталышы менен бааларга мониторинг жүргүзө алат. Жаңы механизм ортомчулардын санын кыскартып, аймактык операторлорго көмүр жана күйүүчү май сатып алууга түздөн-түз мүмкүнчүлүк берет. Бул эми күйүүчү майдын аталган түрлөрүнүн наркын калк үчүн жеткиликтүү кылууга жол ачат.

Курмет Оразаев, «ЕСЖ» Товар Биржасы» акнын башкарма төрагасы:

- Кырдаалдык борборун түзүүдөгү максат - өлкөнүн бардык соода аянтчаларына, ошондой эле, дүйнөлүк жана аймактык биржаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Биз фондулук биржалар сунуштаган уюшкан товар рынокторунун өнүгүшүнө байкоо салып турабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков