Окумуштуулар өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн аныкташты

Окумуштуулар өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн аныкташты

Быйыл Казакстандын борборунун Ботаникалык бакчасынын окумуштуулары өсүмдүктөрдүн жаңы жети түрүн табышты. Бешөө акыркы экспедициялардын жүрүшүндө, дагы бир канчасы архивдик изилдөө учурунда аныкталган. Жалпысынан Ботаникалык бактын кызматкерлери жаңы үлгүлөрдү чогултуу үчүн жылына бир нече жолу өлкөнүн аймактарына экспедицияларга чыгып турат.

Серик Күбентаев, ботаникалык бак лабороториясынын жетекчиси:

- Жакында гербарий коллекциясын текшерүү учурунда Казакстан флорасы үчүн орхидеялардын эки жаңы түрү аныкталды. Бул эмгек эл аралык лицензиялык журналда жарыяланды.

Табылган үлгүлөр азыр чет өлкөдө. Окумуштуулардын айтымында, гербарийдин корлору өсүмдүктөрдүн өзгөрүүсүн жана алардын миграциясын көзөмөлдөөгө жардам берет. Борбордун коллекциясы - өлкөдөгү эң жаш топтомолордун бири. Аны жыйноо эки гана жыл мурун башталган. Азыркы учурда бир гана текчеде өсүмдүктөрдүн 10 миңден ашуун даанасы бар. Алардын көпчүлүгүн башка ботаникалык бактар белекке берген. Ал эми эң байыркы үлгүлөрү XIX кылымга таандык. Гербарийлердин көпчүлүк бөлүгү акыркы жүз жылдыкта чогултулган жана ушул күнгө чейин абдан жакшы сакталган.

Данияр Алибеков, ботаникалык бактын илимий кызматкери:

- Мында 50-жылдардагы гербарий сунушталган. Биздин гербарийде чыныгы мисте бар. Ал Казакстандын Кызыл китебине киргизилген. Бул баалуу жаңгак өсүмдүгү.

Казакстан флорасында өсүмдүктөрдүн алты миңге жакын түрү бар. Алардын жарымы гана Борбордун гербарий корунда сунушталган жана алардын арасында гүлдөрдүн айрым үлгүлөрү кайталанат. Бирок алар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан чогултулган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков