Казакстанда Израилдин ПЧР-лабороториясы ачылат

Казакстанда Израилдин ПЧР-лабороториясы ачылат

Казакстанда Израилдин ПЧР-тестирлөөчү лабораториясы пайда болот. Учурда өлкөдө күн сайын миңдеген жогорку тактык менен тесттер өткөрүлүп турат. Бул үчүн чет элдик адистер атайын программаларды, ал тургай пробирканын атайын түрүн иштеп чыгышты. Белгилей кетсек, атайын жабдылган лаборатория Казакстандын Израилдеги элчилиги жана чет элдик компаниянын жетекчилигинин макулдашуусу алкагында ачылат. Курал-жабдыктарды орнотуу, анын ишин жолго коюу жана кызматкерлерди окутууну Израиль тарап өз мойнуна алган.

Акива Раппопорт, ишке киргизүү бөлүмүнүн башчысы:

- Кадимки түтүкчөдө тирүү жана кооптуу вирус болот. Биздин талдамамыз аны аныктоого мүмкүндүк берет, бирок ал изилдөөнүн натыйжаларына таасир этпестен дароо жок кылынат. Бул колдонулган түтүктөрдү жоюга жана коопсуздук чараларына кете турган убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков