Кытайда казакстандык композитор Бакытжан Байкадамовго эстелик тургузулду

Кытайда казакстандык композитор Бакытжан Байкадамовго эстелик тургузулду

Кытайдын Гуанчжоу шаарында казак композитору Бакытжан Байкадомовдун урматына эстелик тургузулду. Композициялык монументте белгилүү композитор кытайлык досу Сянь Синхай менен бирге чагылдырылган. Музыка жаатында бай мурас калтырган эки композитордун кадырлуу дос болгону белгилүү.

Бейимбет Демеуов, Б.Байкадамов атындагы мамлекеттик хор капелласынын көркөм жетекчиси:

- Биздин команда Бакытжан Байкадамовдун ысымын алып жүргөнүнө кубанычтабыз. Анын казак хор музыкасынын түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсан экендигин жакшы билебиз. Биз Кытайда бир нече жолу болгонбуз. Көрүүчүлөр өнөрдү баалай билет экен. Сянь Синхайдын чыгармаларын эки жолу аткардык. Алар «Сары өзөн», «Чыгыш» чыгармалары.

Кытайда казак композитору Бакытжан Байкадамов жөнүндө көркөм фильм да тартылган. Эки өлкөнүн кинематографисттеринин биргелешип жасаган иши мындан эки жыл мурун көрүүчүлөргө сунушталган. Картинанын бир бөлүгү улуу композиторлор таанышкан Алматыда шаарында тартылды. Чыгармада Сянь Синхайдын Советтер Союзундагы жашоосу тууралуу баяндалат.

Куаныш Ахметов, «Композитор» тасмасынын аткаруу продюсери:

- Кытайда тартуу иштери башталганда, продюсер Джонатан Шен телеканалга маек куруп, «Кытай эли жакшылыкты унутпаган эл» деген. Анын ушул сөздөрү мага абдан катуу таасир калтырган. Ал эми бул фильмде Байкадамовдун образы аркылуу казак элинин жасаган жакшылыгы тууралуу баяндалат.

Сянь Синхай Казакстанда жүргөндө 300гө жакын чыгарма жазган. Ал Байкадамовдордун үй-бүлөсү менен жылуу катташып, достук мамиледе болгон. Арадан ондогон жылдар өтсө дагы, эки композитордун балдары ушул күнгө чейин катташып турушат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков