Казакстандык Дана Кариева NASAда такшалмадан өтөт

Казакстандык Дана Кариева NASAда такшалмадан өтөт

Казакстандык Дана Кариева «NASA»да жөндөмүн арттырат. Теке айында Республикалык физика-математика мектебинин бүтүрүүчүсү «United Space School»да эки жумалык окуудан өтөт.

Дана Кариева жөндөмүн арттырууга арыз жазып, эки этапта өткөн сынактык тандоодон ийгиликтүү өтүп кеткен. Алгач ал өзү жана илимий долбоорлору жөнүндө эссе жөнөтүп, космостогу кийинки сапарына кайда барарын дилбаян аркылуу жөнөткөн. Буга кызыккан адистер Данага өздөрү байланышка чыгышкан. Ошентип, ал дүйнөдөгү күчтүү окуучулардын алдыңкы 50 сабына кире алды. Эми ага астрановттар өздөрү космоско учуу темасын үйрөтүшөт.

Дана Кариева, Республикалык физика-математика мектебинин бүтүрүүчүсү:

- Бул билим мага глобалдык, кандайдыр бир космостук миссияларга катышкан адамдардан билим алуу жагынан пайда алып келет. Тагыраагы, мыкты адистерден маалымат алат экенмин. Мен бул адамдар менен тааныша алам, анткени биз онлайн режиминде дагы жолугушабыз. Албетте алар космонавттар, бардык инженерлер менен жетекчилер. Ошондуктан, бул мен үчүн келечек жана мүмкүнчүлүк деп ойлойм.

Келечекте республикалык физика-математика мектебинин бүтүрүүчүсү өзүнүн бардык сүйүктүү сабактарын - физика, математика, космосту бириктирген стартап түзүүнү кыялданат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков