Мунайдын баасы көтөрүлдү

Мунайдын баасы көтөрүлдү

«Brent» маркалуу мунайдын баасы 2019-жылдын чын куран айынан бери биринчи жолу 74 доллардан ашты. Аны менен катар, «WTI» маркалуу кара алтындын баррелинин баасы 2%га чейин жогорулап, 72 долларды түздү.

Талдоочулар мунай базарындагы оң өзгөрүүлөрдү коронавируска байланыштуу көптөгөн өлкөлөрдө киргизилген карантиндик чектөөлөрдүн жеңилдетилиши менен байланыштырышат.

Эске сала кетсек, буга чейин Эл аралык энергетика агенттиги 2022-жылдын аягына чейин кара алтынга болгон талап каатчылыкка чейинки деңгээлге кайтып келет деп болжолдогон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков