Казакстандык дарыгерлер Түштүк Кореялык кесиптештери менен тажрыйба алмашат

Казакстандык дарыгерлер Түштүк Кореялык кесиптештери менен тажрыйба алмашат

Казакстандык дарыгерлер Түштүк Кореяда рак илдетин дарылоо ыкмаларын изилдеп жатышат. Улуттук изилдөө онкология борборунун 14 кызматкери Коян шаарында жергиликтүү адистер менен биргеликте радиациялык диагностика, протон терапиясы жана ядролук медицинанын жардамы менен онкологиялык ооруларды дарылоо тажрыйбасын өздөштүрүшөт. Эки мамлекеттин онкологиялык борборлорунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга 2019-жылы Корея Президенти Мун Чжэ Индин Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапары учурунда кол коюлган.

Нургүл Аждарова, УГОО онкологиялык ооруларды көзөмөлдөө борборунун жетекчиси:

- Жергиликтүү дарыгерлер тургундар менен тыгыз байланышта болот. Ал тургай, аларга тамеки тартуу жана ашыкча салмак менен кантип күрөшүү керектиги айтылып жатат. Биз өзүбүз дагы бул жерде скрининг борборунан текшерилип, мунун бардыгы Корея Республикасында кандай болорун өз көзүбүз менен көрүп билдик. Мындай скринингдик борборлордун Казакстан Республикасында болушун каалайбыз. Адам келип, текшерүүлөрдөн өтүп, жыйынтыгын ала алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков