Казакстандын автобекеттеринде ASHYQ тиркемеси иштеп баштайт

Казакстандын автобекеттеринде ASHYQ тиркемеси иштеп баштайт

«Ashyq» тиркемеси кулжа айынын 17нен тарта «Нурлы Жол» бекетинде да иштей баштайт. Эми ар бир жүргүнчү имаратка киргенде мобилдик тиркеме аркылуу QR-кодун сканерлөөсү же ИИНин көрсөтүшү керек. Мындан ары «кызыл» жана «сары» макамдары бар жарандар комплекске кире албайт. Мындай чара инфекциянын жайылышын токтотууга багытталган. Белгилей кетсек, өткөрүү системасы кулжа айынын аягына чейин республиканын бардык аэропортторунда жана темир жол бекеттеринде иштей баштайт.

Эске салсак, COVID-19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүү максатында түзүлгөн «Ashyq» тиркемеси Казакстанда кеңири жайылууда. Учурда тиркемени 2 миллиондон ашык адам жүктөп алган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн 10 миңден ашуун уюму аталган өткөрүү тутумун колдонот. Жыйынтыгы жаман эмес. Анын жардамы менен илдетке чалдыккан 4 миңден ашуун жаранды жана диагнозуна карабастан, 3 миңден көп байланышта болгон адамдардын коомдук жайларга кирүүгө аракет кылганы аныкталган.

Виталий Пустовойтенко, «Ashyq» тиркемесинин иштеп чыгуучусу:

- Орто эсеп менен алганда, болжол менен 7 миңге жакын адам өздөрүнүн макамын билип туруп, аэропортторго, кафелерге, ресторандарга кирүүгө аракет кылган. Эми ал жакында темир жол бекеттерине ишке киргизилмекчи. Мындай учурда ар бир адам жок эле дегенде бир адамга илдетти жуктурушу мүмкүн, орто эсеп менен беш, 7ни 5ке көбөйтсөк, анда «Ashyq» тиркемесинин жардамы менен 35 миң адам илдет жуктуруп алуудан оолак болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков