Казакстандык фотосүрөтчүнүн эмгеги Москвадагы Биенналеге коюлду

Казакстандык фотосүрөтчүнүн эмгеги Москвадагы Биенналеге коюлду

Казакстандык фотосүрөтчү Дамир Жукеновдун эмгектери Москвадагы «Фото өнөрдөгү мода жана стиль – 2021» эл аралык биенналесине коюлду. «Баарына арналган эмес» деген темада уюштурулган көргөзмө Орусиянын борборунун тургундарынын кызыгуусун жаратты. Мунун да өзүнүн себептери бар. Казакстандык Дамир Жукеновдун чыгармачылыгы уникалдуу. Ар бир бөлүмдүн өзүнчө окуясы бар, ал эми моделдин образы, кийимдеринин бардык деталдары кылдаттык менен ойлонулган. Бирок баарына мүнөздүү нерсе - назиктик, сулуулук жана ак менен кара түстөр. Автор бул чыгармалары аркылуу аял затынын кемчиликсиздигин жана сулуулугун көрсөтүүгө аракет кылгандыгын айтат.

Дамир Жукенов, фотограф:

- Бул көргөзмө Питер Линдберг, Герб Ритц, Ричард Аведон сыяктуу фотографтарга урмат көрсөтүүнүн белгиси болуп саналат. Мен убакыт тандабай турган чыгармаларды жаратууну чечтим. Анткени мода жана стиль үчүн белгилүү бир убакыттын же жердин кереги жок. Ошондуктан биз ак менен кара түстөрду тандадык. Башкача айтканда, бул сүрөттүн кайсыл жерде тартылгандыгын көргөзбөө үчүн жасалды. Биз үчүн бул фото чеберлеринин жогорку табитинин белгиси.

Биенналеде сүрөтчүнүн буга чейин эч жерде жарыяланбаган 32 эмгеги коюлган. Чебер бардык төрт фотосессияны карантин учурунда жасаган. Ошентип, ал искусство убакыт жана заманга баш ийбей тургандыгын, аны менен катар, өнөр адамы үчүн эч кандай чектөө менен чек ара жок экендигин көрсөттү.

Дамир Жукенов, фотограф:

- Мен кичинекей кезимден бери чыгармачылыкка жана искусствого жакын болдум. Ар дайым ушул багытта өнүгүүнү каалачумун. Менимче, фото өнөрдө баары маанилүү, түстө, жарыкта жана композицияда. Өзүмдү ушул тармакта тапканыма кубанычтамын.

Казакстандык фотограф алты жылдан бери Москвада жашайт. Бүгүнкү күнгө чейин ал Орусиянын алдыңкы катардагы жылдыздары жана алдыңкы мода басылмалары менен иштешип келет. Максатына умтулган ар бир адам чеберчилигин чыңдоодон чарчабаса, кыялына жетерин Дамир Жукенов кошумчалайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков