Көчмөндөр маданиятына ашык болгон француз кызы

Көчмөндөр маданиятына ашык болгон француз кызы

«Кыз куумай». Бул жогорку деңгээлде уюштурулган, көчмөндөрдүн маданиятын, ат минүү өнөрүн, казактын улуттук оюнун даңазалаган татаал спектакль. Казакстандык каскадёрлор жана француздар биргелешип иштеп чыккан шоу Түркестандагы «Кербен-Сарай» комплексине келген коноктордун назарына сунушталат. Бул жөн гана шоу эмес, бул 1,5 сааттык татаал спектакль. Көрүүчүлөр каскадёрлордун ат үстүндөгү өнөрүн, куурчак театрын жана жарык шоуну көрө алышат. Спектаклдин негизги бөлүгүн француз кызы Одри Хубесе койгон.

Атты жогорку деңгээлде үйрөтүү мектебинин адиси бул ролго бекеринен тандалып алынган эмес. Ал 2,5 жашынан бери көчмөн маданиятына ашык болгондугун айтат.

Одри Хубесе, каскадёр, ФРАНЦИЯ:

- Биз Казакстанга биринчи жолу бирдин айынын 2де келдик. Ал ортодо, казакстандык каскадёрлор жана биздин адистер менен биргеликте командалык иштин аркасында бир айдын ичинде шоуну оңой эле даярап чыктык. Мен алгач аттар менен иштей баштаганда 2,5 жашта элем. Ошондон бери бул иш менен алектенип келем. Казакстанга келгенге чейин «Кыз куумай» жөнүндө көп окуп, издендим. Бирок англис жана француз тилдеринде өтө аз маалымат алдым. Бул жерге келип, казак тилдүү котормочулар бизге өлкөнүн тарыхы, каада-салты жана өзүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берип, көмөк көрсөтүштү.

Одринин ат үстүндө татаал трюктарды жасай алгандыгына күмөн санагандар болгон. Бирок француз кызы шоу үчүн атайын даярдалган аттар менен тез тил табышып, трюктарды аткарууда өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтө алды. Одри көчмөндөр маданиятын жайылтуу жана ат жалында ойноп жаткан казак жигиттери менен катар өнөр көрсөтүп жүргөнүнө сыймыктанат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков