Ачык асман алдындагы маданий иш-чаралар

Ачык асман алдындагы маданий иш-чаралар

Жайдын келиши менен Казакстандын борборунун маданий имиджи өзгөрдү. Парктар жана көңүл ачуучу жайлар ачылып, борбордо ар кандай көркөм өнөр жамааттары өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Пандемия калктын эс алуусуна дагы терс таасирин тийгизгени белгилүү. Эми мындан ары бардык маданий иш-чаралар санитардык талаптарды эске алуу менен ачык асман алдында өтөт. Ошол эле учурда, улуу өнөрдү сагынган коомчулуктун кулагына күмүш сырга! Анткени «Астана Опера» театры жайкы open-air концерттер топтомун баштады. Сахна ээлери алдыдагы теке айынын 6на чейин ачык асман алдында концерт беришет.

Китеп сүйүүчүлөр коому жакындары менен айлана-чөйрөдө жолугушуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул максатта Жазуучулар аллеясында ачык асман алдындагы китепкана уюштурулду. Эми шаар тургундары фонддогу адабияттарды үй шартында жаздырып алуу менен катар, каалаган чыгармасын таза абада окуй алышат. Бүгүнкү күндө борбордо мындай 18 китепкана иштейт. Суроо-талап абдан жогору, дешет уюштуруучулар.

Роза Салметова, китепканачы:

- Бул китептерди балдар окусун деп жатабыз. Биз алардын китептерди колдоруна кармап, таанышып, журналды көрүп, окуп, өздөрүнө сиңирип алышын каалайбыз.

Борбор калаанын сейил бактарында сейилдеп, көңүл ачып, сүйүктүү тасмаларды да көрүүгө болот. Уюштуруучулар демилге абдан актуалдуу экенин айтышат. Айрыкча, жаштар арасында суроо-талап көп. Билеттер эки жума мурун сатылып кеткен. Азырынча күнүнө эки көрсөтүү болуп жатат. Көрүүчүлөр кайсы тасманы көрүүнү өздөрү тандашат. Бул социалдык тармактар аркылуу добуш берүү жыйынтыгы менен чечилет.

Нурасыл Ержанов, кинотеатр мүдүрү:

- Биз отургучтардын санын көбөйтүүнү мерчемдеп жатабыз. Ага ылайык, экран өлчөмүн кеңейтебиз. Бардык адамдарга көрүнгүдөй жана ыңгайлуу болууга тийиш. Ар бир көрүүчүгө жууркан жана чиркейлерге каршы спрей сунуштайбыз.

Ошентип, борбор калаанын тургундары жана конокторуна өзүнө ылайыктуу эс алуунун түрүн тандоо укугу сунушталат. Буга аба ырайы да ыңгайлуу болуп жатат. Синоптиктер кийинки жумада күн ачык болорун божомолдошууда. Пандемия калктын руханий азыктануусуна тоскоол болбошу керек. Бардык сактык чаралары эске алынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков