Казакстандык жоокерлердин сөөгү мекенине кайтарылды

Казакстандык жоокерлердин сөөгү мекенине кайтарылды

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон 4 казак жоокеринин сөөгү мекенине кайтарылды. Нур-Султан шаарында салтанаттуу иш-чара болуп, ага согушта дайынсыз жоголгон жоокерлердин жакындары катышты. Издөөчүлөрдүн айтымында, жоокерлердин жеке инсандыгын аныктоо Орусияга болгон кезектеги экспедиция учурунда сөөктөрдүн жанынан табылган медальондордун жардамы менен мүмкүн болду.

Мурат Молдагалиев, «Atamnyn Amanaty» КБ төрагасы:

- Үчөө Акмола облусунан жана бирөө Караганды облусунан. Эки жоокердин кыздары тирүү, алар азыр 83 жашта. Менимче, бул алар үчүн чоң окуя. Анткени алар аталары майданга аттанганда чыдамсыздык менен күтүп калышкан. Бири 2 жашта болсо, экинчиси 3 жашта болгон. Биз баарыбыз, анын ичинде сиз дагы, биздин бардык аталарыбыз жана чоң аталарыбыздын сөөктөрү, ысымдары кайтарылып берилиши үчүн колдон келгендин баарын жасашыбыз керек. Жоокер үчүн эң жаманы - дайынсыз жок болуп кетүү болуп эсептелет.

Белгилей кетүүчү нерсе, КМШ аймагында издөө иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө дилгир коомдук активисттердин аркасы менен өз мекенин коргоп курман болгон миңден ашуун мекендештерди табууга мүмкүн болду. Деген менен ушул күнгө чейин он миңдеген жоокерлер табыла элек. Бүгүнкү күндө 4 миллиондой урпак туугандарын издеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков