Курулуш тармагында 79 долбоор ишке ашырылат

Курулуш тармагында 79 долбоор ишке ашырылат

Казакстанда курулуш тармагында жана турак жайды пайдаланууга берүүдө жогорку өсүш темпи камсыздалды. Расмий маалыматтар боюнча, жылдын биринчи беш айында бул тармакта 11,3% жана 12,5% деңгээлинде өсүш катталган. Ошол эле учурда, курулушта импортту алмаштыруу багытындагы чараларын күчөтүү көздөлгөн. Атап айтканда, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы менен катар, иштеп жаткан заводдордун кубаттуулугун жогорулатуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкулов билдирди. Тармактын башчысынын айтымында, турак жай курулушунун жогорку темпине байланыштуу өлкөдө курулуш материалдарына суроо-талаптын өсүшү байкалууда. Бул жаатта рынокто баалардын туруктуулугун камсыз кылуу маанилүү маселелердин бири. 2025-жылга чейин 80ге жакын жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу каралган.

Бейбит Атамкулов, Казакстандын индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- «Nur Otan» партиясынын шайлоо алдындагы программасына ылайык, 5 жылдын ичинде 103 млн чарчы метр турак жай курулат. Турак жайды эксплуатацияга берүүнүн өсүш темпин эске алганда, иштеп жаткан ишканалардын кубаттуулугун жогорулатуу жана жаңы, алдыңкы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Бул тармактын импорттон көз карандылыгын азайтууга өбөлгө түзөт. Ал үчүн 2021-2025-жылдары жалпы суммасы 442 млрд теңгени түзгөн 79 долбоорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Анын ичинен 360 миллиард теңгелик 22 долбоор импортту алмаштыруучу долбоорлор болуп саналат. Карапа мештерди, минералдык жылыткычтарды, жыгач тактайларды жана башка ата мекендик курулуш материалдарын камсыз кылуу боюнча жаңы өндүрүштөрдү ачуу мерчемделип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков