Рыбакина «Чоң Шлем» турниринин 23 жолку чемпионун жеңди

Рыбакина «Чоң Шлем» турниринин 23 жолку чемпионун жеңди

Чоң теннисте кубанычтуу жаңылык! Казакстандык теннисчи Елена Рыбакина Париждеги эл аралык мелдеште «Чоң шлем» турниринин 23 жолку чемпиону америкалык Серена Уильямсты утуп алды. Бул эки спортчунун ортосундагы биринчи беттеш болду. Жеңишке жетиш үчүн казакстандык теннисчиге 1 саат 18 мүнөт жетиштүү болду. Рыбакина беттешти жигердүү баштап, алдыга озуп чыкты. Экинчи раундда гана тажрыйбалуу атаандашы эсеп санын теңеди. Деген менен кийинки оюнда Рыбакина атаандашынын айласын таап, 7:5 эсеби менен жеңишке жетти. Ошентип, ал карьерасында биринчи жолу «Ролан Гаррос» турниринин чейрек финалына өттү. Эми ал жарым финалга жолдомо үчүн орусиялык Анастасия Павлюченкова менен күч сынашат.

Елена Рыбакина, казакстандык теннисчи:

- Бүгүнкү беттешке канааттандым. Албетте мен мындай болот деп күткөн эмесмин. Машыктыруучум экөөбүз план түзүп, аны аткарууга аракет кылдым. Алардын көпчүлүгүн менин эмоциям кызыктырды. Адатта өзүмдүн сезимдеримди көрсөтпөөгө аракет кылам, бирок чынын айтсам, толкунданып жатам. Негизинен мен жолдуу адаммын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков