Казакстан чет элдиктерди өзүнө тартууда

Казакстан чет элдиктерди өзүнө тартууда

Казакстан чет элдиктерди өзүнө тартууда. Чет элдик коноктор Улуу Талаа мамлекетинин маданияты менен каада-салтына абдан берилгендиктен, тагдырын аны менен байланыштырууну чечишкен. Мексикалык Сандра Реал бүткүл дүйнөгө республиканын өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берүүгө аракет кылат. Ал 4 жылдан бери Нур-Султан шаарында жашайт. Анын үстүнө ал Казакстанга барууну 10 жашынан эле эңсеп, алгач Казакстан жөнүндө окуп, бышкан алма жана ак кар баскан аппак тоолорду көрүүнү кыялданчу. Сандра магистрдик даражасын Назарбаев Университетинде аяктаган, андан кийин ал бул жерде иштеп калган. Ал өлкөдөн кеткиси келбей тургандыгын айтат. Анын үстүнө ал улуттук суусундук аталган - кымызды дүйнөгө жайылтууну көздөйт.

Сандра Реал, Мексиканын жараны:

- Бул ден-соолуктун, маданияттын символу. Негизинен кымыздын ден соолукка пайдасы чоң. Алсак кургак учукка дарылык касиети бар. Казакстандын эң маанилүү баалуулугу - бул элинин меймандостугу. Шаары абдан кызыктуу. Абдан заманбап имараттар, ошондой эле талаалар, алар абдан жакын. Казакстанда бардык нерсе бар десем жаңылышпайм. Чөл бар, бак-дарактар, тоолор бар. Айтор абдан кооз жерлер.

Мексикалыкка казак тилинин угулушу да абдан жагат. Ал тилди өздөштүрүү менен бирге бир эле учурда онлайн-курстан сабак берет. Ал Мексикада жашаган жарандарга казак тилин үйрөтөт. Ага тилдерди изилдөөгө Димаш Кудайбергендин чыгармачылыгына болгон сүйүү түрткү берген.

Бразилиялык Роберто Сантос Казакстанда жашаганына 8 жыл болду. Анын азырынча мекенине кетүү планы жок. Ал үчүн борбордун климаты эң ылайыктуу.

Роберто Сантос, Бразилиянын жараны:

- Мага ысык аба ырайы жакпайт. Чын айтам. Эгерде менин каалоомо койсо, жылы бою суук аба ырайы болушун каалайт элем. Баскычты басып эле жыл мезгилдерин тандоо укугу берилсе, анда ар дайым кышты тандамакмын. Мен бул жерде жашайм, бул жерде баары ойдогудай, андыктан азырынча мында калууну мерчемдеп жатам. Бирок 10-15 жылдан кийин Бразилияга барам деп ойлойм. Балким, бир жума, эки, бир ай, бирок кайра эле бул жакка келгим келет. Ошондуктан мен бул жерден башка жакка барууну мерчемдей элекмин.

Роберто Сантос көп жылдык тажрыйбасы бар ашпозчу. Казакстанга келгенге чейин ал көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Канадада, АКШда жана Орусияда жашаган. Бирок бразилиялык Казакстанга отурукташууну чечкен. Үй-бүлө куруп, өзүнүн ресторанын ачкан. Сандра башкалар сыяктуу эле казакстандыктардын меймандостугун, сезгичтигин жана сезимталдыгын өзгөчө баалайт. Бул нерсени ал өлкөнүн эң чоң жакшы жагы деп эсептейт. Бул өлкөдө өзгөчө атмосфераны жаратат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков