Акмола облусундагы эс алуу жайлары Ashyq менен иштей баштады

Акмола облусундагы эс алуу жайлары Ashyq менен иштей баштады

Акмола облусундагы туристтик жайлар «Ashyq» менен иштей баштады. Бүгүнкү күндө Бурабай курорттук аймагындагы 50гө жакын ишкердик объекттери аталган тиркемеге киргизилген.

Дина Гамолко, мейманкана ээси:

Паспорт вакцинация сурайбыз. Келгенден кийин ошол эле «Ashyq» программасы бар адамдарды кабыл алабыз. Бардык маалыматтар ошол жерден чыгат. Биз тиркеме аркылуу кабыл алабыз. Адамдар келгенде, алардын дене табын өлчөйбүз. Температураларын жазып алабыз.

Башка пансионаттар эс алуучуларды мобилдик тиркеме аркылуу атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин гана кабыл алышат. Тармактын адистери бул коронавирустун жайылышына жол бербөө жана бардыгыбыздын коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн жасалган чара деп эсептешет. Белгилей кетсек, аталган программаны колдонгон ишкерлерге бир катар жеңилдиктер каралган. Башкача айтканда, жумуш убактысы узартылып, дем алыш күндөрү да калкка кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берилет. Ал эми долбоорго катышпаган объектилер, дарыгерлердин санитардык чектөөлөрүн сакташы керек.

Ерканат Мусылманбек, Бурабай райондук ишкерлер палатасынын мүдүрү:

Эгерде коноктордо QR-кодду сканерлөөгө арналган тиркеме жок болсо, «Ashyq» долбооруна катышкан объектилер өздөрүнө коопсуздук режимин дайындайт. Башкача айтканда, ишкердик субъектиси программага коноктун ИИН номерин киргизип же анын инсандык күбөлүгүнүн штрих-кодун сканерлеп, анын статусун аныктай алат.

Учурда Акмола облусундагы 300дөн ашык коомдук объектилер «Ashyq» программасы менен иштеп жатышат. Ал эми тесттик режимде тиркемени 17 уюм пайдаланса, QR-код алуу үчүн дагы 62 өтүнмө берилген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков