Шаардык ыктыярчылар Нур-Султандын 50 миң тургунуна жардам берди

2 миңден ашык боорукер жүрөк: борбор калаанын ыктыярчылары жардам берүүнү улантышууда. Бештин айына 30 кайрымдуулук иш мерчемделген. Жаштардын Эгемендүүлүк күнүнө арнаган акциясы жетинин айында башталган. Андан бери ыктыярчылар дээрлик күн сайын кайрымдуулук иштердин жыйнагын толуктап келишет.

Бийик дарактарга чыгып, түшүү 22 жаштагы Олжас Амангелди үчүн кадимки адатка айланган. Жигиттер ушинтип адамдарга эмес, жардам сурай албагандарга - канаттууларга жардам берип келишет. Кышкысын биздин кичинекей канаттууларыбыз жылуулукка жана камкордукка муктаж болушат, дешет ыктыярчылар. Бул уялар алар үчүн.

ОЛЖАС АМАНГЕЛДИ, ЫКТЫЯРЧЫ:

- Кышында куштардын бардыгы эле түштүккө учуп кетпейт - бул таранчы, балапандары, алар үчүн биз жашай турган жери болсун деп ушундай уяларды илип койдук. Шаарда адамдар гана эле эмес, ошондой эле, жаныбарлар, канаттуулар да жашашы керек. Канаттуулардын көптөгөн артыкчылыктары бар. А биз ак көңүл адамдар катары аларга кам көрүшүбүз зарыл.

Мындан тышкары, жыл башынан бери ыктыярчылар 50 миңге жакын адамга жардам көрсөтүүгө жетишти. Алар карды тазалап, отун жарып, беткаптарды жана тамак-аштарды таратышты. «Астана жастары» жаштардын ресурстук борборунун өкүлдөрүнүн айтымында, өзгөчө кырдаал учурунда алардын жардамы өзгөчө пайдалуу болду. Дал ошол учурда жардам берүүдө четте калгысы келбеген адамдардын агымы көп болгон. Анын үстүнө, ыктыярчылардын жашы дагы өзгөрдү - алардын катарына кошулууну каалаган улуу муундагы адамдардын саны көбөйүүдө.

ТЛЕУЛИН ЧИНГИЗ, «АСТАНА ЖАСТАРЫ» ЖАШТАР РЕСУРС БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Ыктыярчылар жылында биз волонтёрлордун көбөйүп жатканын байкадык. Бул коронавирус пандемиясына байланыштуу болду десек болот же жалпы эле ыктыярчылык иш белгилүү жана кызыктуу болуп калды.

Эске салсак, быйылкы жылы ыктыярчылар негизинен онлайн форматта иштөөгө мажбур болушту. Алардын айтымында, алдыда көптөгөн жаңы долбоорлор бар. Бул деген  беткап, кол кап жана антисептик менен куралданган ыктыярчылар өзүлөрүнүн маанилүү иштерин улантышарын айгинелейт.