Музыка чеберинин уникалдуу коллекциясы

Музыка чеберинин уникалдуу коллекциясы

Бул сазсырнай улардын үнүн өзүндөй кылып чыгарат. Аны Караганды облусунун чебери жасап чыккан. Азамат Бакиянын жеке корунда 700дөн ашуун музыкалык аспап бар. Алардын айрымдарын дүйнөнүн булуң-бурчунан чогултса, көпчүлүгүн өз колу менен жасаган. Жаш чебердин айтымында, бир шайманды жасоого көп убакыт кетпейт, бирок аны бышырып, кургатуу бир жумага созулат.

Азамат Бакия, чебер:

- Улытаудагы дарактарга улар түрүндөгү 10 сазсырнай илип койдум. Акыркы учурда бул канаттуу биздин тоолордо өтө сейрек кездешүүдө. Мен мындай жагымдуу табылгалар саякатчылардын көңүлүн көтөрсө дейм. Алар бул аспапты өздөштүрүп, улардын үнүн жаңыртып турат деп ишенем.

Музыка чеберинин коллекциясында флейта, домбра жана кобыз сыяктуу жалпысынан миңден ашуун ар кандай аспаптар бар. Чебердин акыркы жетишкендиги - өркүндөтүлгөн ортеке. Бул домбрачынын манжаларына байланган аркар формасындагы куурчак шайманы. Музыкант кылдарын тартып, жаныбарды кыймылга келтирет.

Азамат Бакиянын максаты - байыркы казак улуттук музыкалык аспаптарын жайылтуу, анын ичинде унутта калган музыкалык аспаптарын жандандыруу болуп саналат.

Азамат Бакия, чебер:

- Мен алдыма казактын музыкалык аспаптарын жандандыруу максатын койдум жана бул багытта иштеп жатам. Башкача айтканда, аларды сактап калуу менен гана чектелбестен, таанытууну да көздөйм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков