Нур-Султанда «Бала Time» китеп фестивалы өттү

Нур-Султанда «Бала Time» китеп фестивалы өттү

Китеп көргөзмөсү, поэзия окуу сынагы, балдар жазуучуларынын жолугушуулары жана өспүрүмдөргө арналган басылмалардын бет ачары. Өлкөнүн Улуттук академиялык китепканасында «Бала Time» аттуу балдар китеп фестивалы өттү. Иш-чара эки майрамга - Балдарды коргоо күнүнө жана Казакстандагы балдар жана өспүрүмдөрдүн окуу жылына арналды. Уюштуруучулардын айтымында, мындай чыгармачыл иш-чаралар жаш муундардын жаңы билимге болгон каалоосун жана сүйүүсүн арттырууга өбөлгө түзөт.

Үмитхан Муңалбаева, педагогика илимдеринин доктору, профессор, РКнын УАК башкы мүдүрү:

- Бүгүнкү күндү келечектин майрамы десе болот. Быйылкы жыл балдар менен өспүрүмдөрдүн китеп окуусун колдоо жылы деп жарыяланды. Ошондуктан, коомчулуктун көңүлүн балдардын көйгөйлөрүнө буруу үчүн бардыгы жасалып жатат. Китеп окууну жайылтуу - китепкананын түздөн-түз милдети. Ошол себептен бүгүнкү күндө балдар кандай китеп окуп жаткандыгы, алардын сабаттуулук деңгээли сыяктуу маселелерге көңүл буруу маанилүү. Ошондуктан биз бүгүн окурман аудиториясына балдарды тартып, келечектеги окурмандарыбызды даярдап жатабыз.

12 жаштагы Разия кичинекей кезинен бери адабий чыгармаларга кызыгат. Ал 5 жашынан баштап китептерди окуп, көптөгөн кызыктуу окуялардын дүйнөсүн ачкан. Ошондон бери ал өзүнүн кыялындагы каармандарын окурмандарга тааныштырууну максат кылган. Бүгүн ошол максаты орундалды. Кичинекей Разия өзүнүн жомоктор китебинин бет ачарын өткөрдү.

Разия Акпар, жазуучу:

- Менин китебим өзгөлөрдүкүнөн таптакыр башкача деп ойлойм. Биринчи кезекте, менин сүрөттөрүм менен кооздолгондугу. Мен сүрөт тартканды жакшы көрөм. Китеп окуу абдан маанилүү, ал көрүүнү, адамдын логикасын жакшыртат. Мен ушул күндү чыдамсыздык менен күттүм жана абдан бактылуумун.

Китеп фестивалынын алкагында белгилүү жазуучулар менен балдар жомокторунун авторлору жаш жазуучулар менен тажрыйбаларын бөлүшүп, мындай мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков