Улуттук музейде «Ұлык ұлыс» залы ачылды

Улуттук музейде «Ұлык ұлыс» залы ачылды

Казак хандыгы - Алтын Ордонун түздөн-түз мураскери. Улуттук музейде терең тамырлаш тарыхый үзгүлтүксүздүктү чагылдырган «Ұлык ұлыс» залы ачылды. Анда этникалык, генетикалык, антропологиялык, маданий, династиялык, фольклордук жана географиялык конкреттүү илимий далилдер камтылган. Чет элдик архивдерден табылган хандардын жазууларынын көчүрмөлөрү, мамлекеттин символу катары саналган желек, тарыхый баалуу документтер, Жочунун урпактарынын санжырасы сыяктуу экспонаттар көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Алтын Ордодогу жерлердин көпчүлүгү азыркы Казакстандын аймагына мурас болуп калганы, ал эми казактын бардык хандары Чыңгызхан урпактарынын Орус хан тармагына жатары белгилүү. Тарыхчылардын айтымында, Аргын, Керей, Кыпчак сыяктуу азыркы казак урууларынын 23кө жакыны ошол кездеги Жочу улусуна колдоо болгондугу жазылган.

Берик Абдигалиулы, Казакстандын Парламент Мажилисинин депутаты:

- Эгемендүү мамлекет катары биз Алтын Ордонун, Улуу улустун, Жочу улусунун тарыхый мураскелерибиз... Биз аны бир гана биздики деп бөлбөйбүз. Бул биздин жалпы тарыхыбыз. Ошондуктан биз Кара түндүк Жочу улусу Улытау, Сарайшык, андан ары Крым татарлары, Казань татарлары, Ногойлор баарын ушул жерде көрүп, бириктирүүчү зал болсун деген ниеттебиз. Бул эми алгачкы демилге, бир топ иштер жасалышы керек.

Гизат Табулдин, тарыхчы:

- Жочу улусу деген эмне? Бул ири империялык мамлекет. Анын курамына Орусиянын көпчүлүк бөлүгү, Түндүк Кавказ жана Түркестандын түштүк-чыгыш бөлүгү кирген. Бул залда ошол мезгилдеги баалуу тарыхый экспонаттар сакталган. Алтын Ордо доору тарыхый окуяларга бай болду. Эң башкысы, Улуу улус казак этносунун жана биздин мамлекеттүүлүктү калыптандырган негизги борбор болгонун баса белгилегим келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков