Венгриялык инновациялар Нур-Султанда

Венгриялык инновациялар Нур-Султанда

Заманбап курулушта энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу белгилүү жана зарыл чара. Алар бюджеттик чыгымдарды гана үнөмдөбөстөн, ири шаарлардын экосистемаларын сактоого да жардам берет. Мындай инновациялык чечимдер бүгүнкү күндө Венгрияда жолдорду курууда, имараттардын фасадын жана ландшафттарын жайгаштырууда кеңири колдонулат. Бул күн энергиясынан энергия алган неон шыбагы, караңгыда жаркыраган гүлдөр жана өсүмдүктөр, ошондой эле, жолду белгилөө үчүн атайын неон боёктору. Мындай инновациялык өнүмдөр Нур-Султан шаарындагы көргөзмөдө үч венгриялык компания тарабынан сунушталды. Алардын ар бири курулушта энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуунун алдыңкы тажрыйбаларын өткөрүп берүү максатында Казакстанда ишкер өнөктөштөрдү табууга багытталган.

Аттила Пирош, курулуш материалдарын өндүрүү боюнча компаниянын башкы мүдүрү /Венгрия/:

- Сиздердин борбор тездик менен өнүгүп жатканын, ошондой эле, жашыл технологияларга карата суроо-талаптын көптүгүн эске алып, биз Казакстанга так ушундай натыйжага багытталган өзүбүздүн инновацияларды сунуш кылып жатабыз. Мисалы, имараттардын фасадын жайгаштырууда керектелген биздин ыкмабызды жана күндүн энергиясын колдонуп, энергияны керектөөнү бир кыйла кыскартууга болот. Муну менен сиз имараттарга жаңы көрүнүш бербестен, энергетикалык чыгымдарды азайта аласыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков