Казакстандык абитуриенттер көбүнчө педагогикалык адистикти тандашууда

Казакстандык абитуриенттер көбүнчө педагогикалык адистикти тандашууда

Казакстандык абитуриенттер көбүнчө педагогикалык адистикти тандайт. Мурда белгилүү болбогон кесип кайрадан абитуриенттерди өзүнө тарта баштады. Негизинен бул жагдай түшүнүктүү: 2025-жылга карата мугалимдердин айлыгы 2 эсе жогору болот. Бул чөйрөдөгү индексация тез жана сезилээрлик жүргүзүлөт. Алдыга көз чаптыра турган болсок, окуу этабында олуттуу артыкчылыктар бар. Келечектеги мугалимдер үчүн стипендия жакында эле эки эсе көбөйтүлүп, учурда башка адистиктердин ичинен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду. Бирок талапкерлердин саны өскөн сайын конкурстук тандоо татаалдашат. Мисалы, педагогикалык адистиктерге өтүү баллы буга чейин 75ке көтөрүлгөн.

Асхат Аймагамбаетов, Казакстандын Билим берүү жана илим министри:

- 347 миң мугалим, учурдагы кырдаал ушундай. Келечектеги педагогдорго стипендия эки эсе көбөйүп, эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Бул Мамлекет башчысынын көрсөтмөсү болду, эми келечектеги мугалимдер 42 миң стипендия алышат. Педагогикалык адистиктер боюнча өтүү баллын 50дөн 75ке көтөрдүк. Биз үчүн эң күчтүү мектеп бүтүрүүчүлөрү ушул адистикке өтүшү керек. Педагогикалык адистиктерге тапшыруучулардын орточо упайы орто эсеп менен 60 баллдан 90 баллга чейин жогорулады.

Асхат Аймагамбетов реформалардын аркасында бир жарым-эки жылдын ичинде ушундай тенденция пайда болгонун, эң күчтүү бүтүрүүчүлөр, башкача айтканда, «Алтын белгинин» ээлери мугалим кесибин тандай баштагандыгын белгиледи.

Асхат Аймагамбаетов, Казакстандын Билим берүү жана илим министри:

- Бул дагы ушул адистикти тандаган «Алтын белгинин» ээлеринин санынын өсүшү менен далилденет. Акыркы улуттук бирдиктүү тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, педагогикалык адистикти тандап алган «Алтын белги» ээлеринин саны дээрлик эки эсе көбөйгөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле, быйылкы УБТ учурунда 135-137 упай топтогон абитуриенттер дагы мугалимдик жолду тандагандыгын көрүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков