Алтай Кульгинов майрамдардын алдында Нур-Султан шаарынын тургундарына кайрылуу жасады

Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тургундарды алдыдагы майрамдарды үй-бүлөлөрү менен өткөрүүгө жана коомдук жайларга барбоого чакырды. Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде шаар башчысы эпидемияга жана санитардык стандарттарга кайдыгер карабаган тургундарга ыраазычылыгын билдирди.

АЛТАЙ КУЛЬГИНОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН АКИМИ:

- Алдыда көптөгөн майрамдар келе жатат. Андыктан эл көп чогула турган жерлерге барбай турууга кеңеш берет элем. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам экендиги баарына белгилүү. Андыктан Жаңы жылды ооруканада тоскондон көрө, үйдө, үй-бүлөнүн курчоосунда  өткөргөн  жакшы. Бул  күндөрү абдан этият болуңуздар.

Мындан тышкары, Алтай Кульгиновдун айтымында, майрам күндөрү Нур-Султан шаарында локдаун киргизүү мерчемделген жок.