Казакстандык окуучулар аттын кыгынан кагаз жасап чыгарышты

Казакстандык окуучулар аттын кыгынан кагаз жасап чыгарышты

Уралдык окуучулардан ноу-хау! Назарбаев Интеллектуалдык мектебинин окуучулары экологиялык таза, биоотун жана канцелярдык товарларды өндүрүүнүн жаңы жолун сунушташты. Бул демилге үчүн алар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алдыңкы үчтүккө кирип, жогорку баага ээ болушту. Изилдөө учурунда Адия менен Асима ар кандай химикаттарды колдонуп, кагаздын алгачкы үлгүлөрүн жасап чыгарган. Учурда жаш илимпоздор инновациялык долбоорду мындан ары өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Аттын кыгынан жасала турган мындай кагазды өнөр жай көлөмүндө өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар, дешет алар. Бул азайып бараткан токойлорду сактап калууга жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жол ачат.

Адия Агедилова, Назарбаев интеллектуалдык мектебинин окуучусу:

- Ачык айтканда элдер аны жөн эле ыргытып жибергенин көрдүк. Күн сайын сыналгыдан көрүп жүргөнүбүздөй, учурда токойлор жок болуп бара жатат. Ошондуктан мен мугалимиме аттын кыгынан эмне кылсак экен деген идея бердим. Андан кийин кагаз жасоону чечтик.

Асел Сахиева, илимий жетекчи:

- Албетте, бул ыкманы автоматташтыруунун зарылдыгы пайда болуп жатат. Биз мектептин лабораториясындагы реактивдерди колдондук. Эми биз бул кагаздын айрым касиеттерин - жукалыгы, түсү боюнча изилдөөбүз керек. Айыл чарба калдыктары абдан көп. Мындай калдыктардан биз пайдалуу жана натыйжалуу заттарды ала турган болсок, жакшы натыйжаларды берет деп ойлойбуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков