Украинада казак диаспорасынын курултайы өттү

Украинада казак диаспорасынын курултайы өттү

Украинада биринчи жолу казак диаспорасынын курултайы өттү. Алыстан келген жүздөн ашуун казакКиевде чогулушту. Бул өткөн күнгө эсеп берип, багытын аныктаганга сонун мүмкүнчүлүк, дешет катышуучулар. Украинанын Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматы боюнча, азыркы учурда бул өлкөдө 60 миңге жакын казакстандык жашайт. Макка Каражанова - Украинадагы жигердүү казак диаспорасынын өкүлү. 2006-жылдан бери Харьков шаарындагы Казакстандын «Бирлик» коомдук уюмун жетектеп келет.

Макка Каражанова, Харьков шаарындагы «Бирлик» казак коомдук уюмунун төрайымы:

- Ар кандай чакан топтор жана уюмдар жабылып, алардын ордуна Украинада казактардын башын бириктирген ири уюм пайда болот деп ишенем. Одесса, Харьков, Киев, Днепропетровск дейбизби, айтор бул өлкөдө жашап жаткан таланттуу мекендештерибиз абдан көп. Бири-бирибиз менен маалымат алмашып, аралашып турганыбыздын мааниси зор.

Батыр Ниязбеков, «Достук» казак маданий борборунун төрага орун басары:

- Бүгүн аталган конгресстин жүрүшүндө кайрылуу кабыл алынды. Негизги максат - бул жердеги казактардын башын бир туунун астында бириктирип, келечек багытын аныктоо. Кандай иштерди аткарабыз, тагыраагы Украинада жашап жаткан казактардын алдыда кандай пландары бар? Алар кайсы тармакта иштешет, кайсы багытта өсүп-өнүгүүдө? мына ушул максатта биригүү болду.

Курултайдын алкагында улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын экспозициясы жана китеп көргөзмөсү уюштурулду. Казакстандын Украинадагы элчилиги курултайды салттуу иш-чарага айлантууну мерчемдеп жатат.

Гүлназ Раш, Украинадагы казак диаспорасынын өкүлү

- Биздин маанайыбыз сонун. Бүгүн биз кубанычтабыз. Биринчи курултай Украинада өттү. Бүгүн Украинанын бардык шаарларында жашаган казактар келип жатышат. Майрамдап жатабыз, абдан сонун. Казак тилинде ырдап, бийлеа олтурабыз. Абдан кубанычтабыз, биз үчүн бул майрам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков