Аары өстүрүү чарбасын субсидиялоо 

Аары өстүрүү чарбасын субсидиялоо 

Казакстан азык-түлүк коопсуздугуна доо кетирбестен жылына миң тоннага чейин бал экспорттой алат. Учурда ата мекендик өнүмдү Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, ал тургай Кипр сатып алат. Бирок тармактын ар тараптуу өнүгүшү үчүн субсидиялоонун эрежелерин дагы бир жолу карап чыгуу керек, дешет өлкөдөгү аары өстүрүү чарбасынын жетекчилери. Алардын айтымында, өндүрүшкө кеткен чыгымдардын орду толтурулса, бул натыйжалуу мамлекеттик колдоо болот. Бүгүнкү күндө Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги аары өстүрүү чарбасын өркүндөтүү үчүн, башкача айтканда, аарылардын уюктарын сатып алуу үчүн чийки заттын баасын гана төлөп берет.

Владимир Гайламазян, Облустук айыл чарбачылыгы башкармасынын башчысы:

- Менин оюмча, натыйжалуу иштеген бал өндүрүү үчүн акы төлөө керек. Азыркыдай аарынын уюгуна эмес. Себеби, аары быйыл болсо, кийинки жылы болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан даяр өнүмгө субсидия берилсе натыйжа болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков