Казакстанда эко-долбоорлор жигердүү өнүгүп жатат

Казакстанда эко-долбоорлор жигердүү өнүгүп жатат

Таштандыны кайра иштетүүдөн байып, экосистеманын сакталышына кантип салым кошсо болот? Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Казакстанда уникалдуу санариптик EcoQolday долбоору иштей баштады. Анын жардамы менен ушул жылдын биринчи кварталында эле кайра иштетүүнүн көлөмү 23 миң тоннаны түздү. Иштеп чыгуучулардын айтымында, бул долбоор таштандыларды чогултуу, ташуу жана чыгындыларды жок кылуу принцибин толугу менен өзгөртүп, иштеп жаткан ишкерлер үчүн жана бул багытта өз ишин баштоону каалагандар үчүн уникалдуу аянтча болуп калды.

Кайратгали Хайрулла, «Оператор роп» ТОО стратегиялык маселелер боюнча башкаруучу мүдүрү:

- Чогулган ар бир килограммга, тоннага биз субсидия беребиз, коллекционер биз менен келишим түзгөндөн кийин, ал таштандыларды чогултат жана чогултулган таштандыларды EcoQoldaý тутумуна жайгаштырат, ал жерде бардык утилизаторлор өз бааларын коюп, сунушташат. Бул коллекционерлер, утилизаторлор катышкан веб-версия болуп саналат.

Айта кетсек, иштеп чыгуучулар ЕсoQoldaý санариптик платформасы менен гана чектелишкен эмес. Алар экологиялык маданиятты бала кезден баштап калыптандырыш керек деп эсептешет. Ошондуктан, алардын демилгеси менен борбордо биринчи экологиялык театр ачылды. Бул жерде жаш көрүүчүлөргө ар кандай спектаклдерде жана оюндарда таштандыларды туура тазалоонун жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет.

Куралай Туспекова, Улуттук Дельфий комитетинин мүдүрү, экотеатрдын көркөм жетекчиси:

- Балдар экинчи чийки заттарды чогултушуп, тапшырышат жана тапкан кирешелери менен биздин театрга кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Алар ар кандай иш-чараларга катышышат, мисалы, биз сыяктуу кайра иштетилген материалдардан кол өнөрчүлүк жасоо, катуу таштандылар менен иштөө, ар кандай табигый материалдар менен иштөө.

Бугу айында экотеатр жаш көрүүчүлөргө экологиялык жомоктордун негизиндеги эки жаңы спектаклди тартуулоону мерчемдешүүдө. Алардын сценарийлери казакстандык мугалимдер жана адистер тарабынан иштелип чыккан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков