Казакстандын курортторунда эс алуу

Казакстандыктар барган сайын өлкө ичинде пляждык эс алууну тандап башташты. Бактыга жараша, тандоо багыттары кыйла кенен. Атап айтканда, ар бир адамдын каалоосуна жана бюджетине жараша. Ошентип, Алакөл курортторунда үстүбүздөгү мезгилде туристтердин агымынын олуттуу өсүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу жай мезгилинде курортко барчу транспорттун саны көбөйтүлөт.

Марат Кабаков, облустук туризм жана тышкы байланыштар башкармалыгынын жетекчиси:

- Семей, Өскемен, Нур-Султан жана Алматы шаарларынан кетүүчү жүргүнчү ташуучу поезддердин санын көбөйттүк. Алматыдан жаңы кошумча поезд жолго чыгат. Автобус каттамы эки эсеге көбөйтүлдү.

Павлодар облусундагы Маралды туздуу көлү дагы казакстандыктардын сүйүктүү жерлеринин башкы сабында турат. Жергиликтүү пансионаттарга жылына 60 миңден ашуун турист келет. Бул көрсөткүч ар дайым өсүп келе жатканын туризм тармагынын адистери айтышат. Бул жерден алар эс алуучу жайлардын инфраструктурасын өркүндөтүүнү колго алышкан жана келечекте «Баары камтылган» концепциясы менен туристтерди тартууну көздөп жатышат.

Гульмира Отаргалиева, инвестор:

- Келечекте пляждарды зоналарга бөлүү принцибин карманууга ниеттенип жатабыз, башкача айтканда, ар бир зонага кирүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүн бир аз кеңейтебиз. Негизинен 2023-жылга чейин толук кандуу VIP зонасын түзүүнү пландап жатабыз, ошондуктан биздин кыял - баары камтылган зона кылуу.

Каспий деңизи дагы туристтердин келишине камданууда. Бул жерде эс алуучулар сууга секирүү жана суу астында балык уулоо менен алектенүүгө ниеттенип жатышат. Жай айларында туристтердин аягы жок. Чындыгында, бул жерде кумдуу пляждардан тышкары, дарылоочу ылай менен минералдык булактар көп.

Гульсим Жариева, инвестицияларды жана туризмди өнүктүрүүнүн аймактык башкармасынын башчысы:

- Ансыз деле мейманканалар конокторун күтүп жатышат. Жээкте көптөгөн объектилер курулуп жатат. Жалпысынан 2021-2024-жылдары 12 долбоорду ишке киргизүү көздөлүүдө.

Адистер Алакөлдүн жээгинде бир жумалык эс алуу туристтерге болжол менен жүз миң теңге чыгым кетерин эсептеп чыгышты. Бурабай курортунун

мейманканаларында 7 күндүк эс алуу баасы 150 миң теңгеден жогору турат. Ал эми Актауда баалар эки жүз миңден башталат.

Казакстандын курортторунда бир жумалык эс алуу

Баасы:

Алакөл 100 миң ₸

Түркестан 112 миң ₸

Бурабай 150 миң ₸

Актау 200 миң ₸

Которгон: Илгиз Жамалбеков