Планетаны куткаруу жолундагы бизнес: Казакстанда жаңы реалити-шоу башталды

Планетаны куткаруу жолундагы бизнес: Казакстанда жаңы реалити-шоу башталды

Казакстанда экология боюнча биринчи реалити-шоу башталат. «EKO MEKEN» аттуу жаңы долбоор көрүүчүлөргө «Хабар» телеканалынан күз мезгилинде көрсөтүлөт. Учурда катышуучуларды кабыл алуу иштери жүрүп жатат. Аталган шоунун жүрүшүндө 18 жаштан жогорку каалаган жаран эко бизнести жүзөгө ашыра алат. Уюштуруучулардын айтымында, казакстандыктарды аёосуз күрөш жана күтүлбөгөн кыйынчылыктар, ошондой эле, 20 миллион теңгени түзгөн байге фонду күтүп турат. Реалити-шоунун негизги милдети - калктын экологиялык маданиятын калыптандыруу болуп саналат.

Динара Бисембина, «Хабар» телеканалынын мүдүрү:

- Бүгүнкү күндө казакстандыктар бардык жерде экологияга аяр мамиле жасоо канчалык маанилүү экендигин ойлонуп, түшүнүшү керек. Бул жаратылышка жана айлана-чөйрөгө тиешелүү. Эң башкысы турмуштук көйгөйлөрдүн бири - таштандыларды сорттоо болуп жатат.

Динара Адам, долбоордун продюсери:

- Бул чыныгы бизнес мектеби болот. Биз планетаны куткаруу аркылуу каражат табууну үйрөнөбүз. Долбоор аркылуу жүздөгөн бизнес-пландар ишке ашырылат. Биз катышуучулар менен бирге алардын кайсынысы иштейт же иштебей турганын карайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков