Белгилүү казакстандык актёр Фархад Абдирайымов дүйнө салды

Белгилүү казакстандык актёр Фархад Абдирайымов дүйнө салды

Ата мекендик кино өндүрүш дүйнөсү оор жоготууга учурады. Белгилүү казак актёру жана продюсери Фархад Абдирайымов Грузияда тасма тартуу учурунда каза болду. «Казакфильм» киностудиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, маркум жүрөгү кармап, көз жумган.

55 жашка караган чагында көз жумган искусствонун ардагери Фархад Абдирайымов - эки жолу «Эл сүймөнчүгү» коомдук сыйлыгынын жана «Урмат» орденинин ээси болгон. Актёр өзүнүн эмгек жолунда көптөгөн тасмаларга тартылган. Көпчүлүккө «Фара» тасмасы аркылуу эл аралык деңгээлге чейин белгилүү болгон.

1996-жылы Орусиянын ЖМКлары Фархат Абдирайымовду «Мыкты актёр» деп атап, 2000-жылы өнөр ээси «Жылдын мыкты кино жылдызы» сыйлыгын жеңип алган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков