Казакстан тыйындары эл аралык сынакка катышат

Казакстандын монета сарайы «Монета Созвездие» эл аралык сынагынын байгелери үчүн ат салышат. Калыстар тобуна дизайнерлер талаа байлыктары же сүрөтчүнүн тотемдери сыяктуу ар кандай сериядагы 5 уникалдуу банкнотторду сунушташты. Алардын бардыгы ар кандай унутулгус даталарга арналган. Белгилей кетсек, быйыл дүйнөнүн 17 өлкөсү өз эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Маалыматка ылайык, Казакстан фавориттердин катарында, ар кайсы жылдары өлкөнүн монеталары мыкты деп табылган. Жалпысынан Улуттук банктын капчыгында 23 наам бар. Сунушталган чыгармалардын кайсынысы бул жолу сыйлык алат, ал жакында белгилүү болот. Адистер бул жолу улуттук калоритке басым жасашкан.  

АЛМАТ БАСЕНОВ, КАЗАКСТАНДЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАНКНОТАЛАРДЫ ДИЗАЙНЕРЛӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Баарынан мурда тыйын өлкөнүн имиджин көтөрүүгө багытталган, анткени монеталар аркылуу биз өз тарыхыбызды жана маданиятыбызды өз мамлекетибизди көрсөтүп беребиз. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү элдер биздин эмне менен жашап жатканыбызды, эмне менен дем алып жатканыбызды, кандай каада-салттарыбыз бар экендигин көрүүгө, бир нерсени алмаштырууга, балким бизди сүйүүгө кызыктар. Ошондуктан монеталар имидждин куралы болуп саналат, бирок мындай мелдештердеги жеңиштер аркылуу кээ бир өлкөлөрдөн жүгүртүү тыйындарын чыгарууга буйрутмалар түшүп жатат.

Мындан тышкары, көзөмөлдөөчү орган коллекторлор үчүн жакшы жаңылык менен бөлүштү. Адистердин маалыматында, ушул айда дагы 4 жаңы коллекциялык монеталар жарык көрөт. Айта кетсек, бул иш-чараны нумизматтар чыдамсыздык менен күтүшкөн.

АЙЖАН МАШЕЕВА, КАЗАКСТАНДЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАНКНОТАЛАРДЫ ДИЗАЙНЕРЛӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШКЫ ЭКОНОМИСТИ:

- Айдын аягына чейин абдан кызыктуу, көптөн бери күтүлүп жаткан тыйындарды чыгаруу мерчемделүүдө. Мисалы, «Белка и стрелка» космостук сериясындагы монеталар. Монета иттин космоско биринчи учушу жана аман-эсен жерге кайтканынын 60 жылдыгына арналган. Экинчи монета да көптөн бери күтүлүп жаткан Медеу бийик тоолуу муз тебүүчү аянтчасына арналган. Ал эми үчүнчү монета - туранга, бул ыйык бак дегенди билдирет.