Грузияда Абай ысымы даңазаланды

Грузияда Абай ысымы даңазаланды

Грузиянын борборундагы көчөлөрдүн бирине казактын улуу акыны Абай Кунанбай уулунун ысымын берүү мерчемделүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштар мындан ары да өнүгө берет. Жакында Сухуми мамлекеттик университетинде Абай атындагы билим берүү бөлүмү ачылды. Кеменгер акындын мааракесине карата Грузияда бир катар салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, грузин тилинде Абайдын чыгармалар жыйнагы басылып чыкты.

Бауыржан Мухамеджанов, Казакстандын Грузиядагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси:

- Бүгүн биз грузин досторубузга маданиятыбыздын руханий тарабын, казак тилинин тереңдигин көрсөткүбүз келди. Жети элдин тилин бил, жети түрдүү билим бил дегендей, грузин досторубуз бир тууган казак элинин маданиятын билсе, мындан бир гана пайда көрүшөт.

Зураб Хонелидзе, Сухуми мамлекеттик университетинин ректору:

Сухуми университетинде казак жеринин бир бөлүгү пайда болду. Казакстан биздин өлкөнүн өнөктөшү. Дүйнөнүн бардык элдери сыяктуу эле, казактар менен грузиндердин да өз кызыкчылыктары бар. Бүгүнкү күн - тарыхка таазим этүү менен катар, келечектеги мамилелерибиздин айкын белгиси болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков