Казакстанда «Бөкейорда» мамлекетттик резерваты ишке берилет

Казакстанда «Бөкейорда» мамлекетттик резерваты ишке берилет

Өлкөдө «Бөкейорда» мамлекеттик жаратылыш резерваты ишке кошулат. Анда «Кызыл китепке» кирген турналар, кекиликтер, бүркүттөр жана алп кара куштар сыяктуу канаттуулар менен катар сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн түрлөрү өзгөчө корголуп, сакталат.

Эске салсак, атайын экосистемасы бар жаратылыш коругун түзүү мындан бир нече жыл мурун колго алынган. Быйыл бул багытта ар тараптуу иштер башталды. Табиятты коргоочулардын айтымында, бүгүнкү күндө Батыш Казакстандын талааларында жоголуп кетүү коркунучу бар 24 жапайы жаныбардын тогузу жашайт. Алардын арасында Орал кийиктери дагы бар. Ошондой эле, өлкөдө ушул жана башка сейрек кездешүүчү талаа жаныбарларынын тукумун сактап, өзгөчө коргоо үчүн Орусия менен биргелешкен трансчекаралык коругун түзүү көздөлүп жатат.

Айжан Скакова, Парламент Мажилисинин депутаты:

- Биз бул жаатта Орусия менен чектешкен өлкөнүн батыш бөлүгү боюнча айтып жатабыз. Мисалы, Волгоград облусунда мындай корук Эльтон көлүнүн жанында түзүлгөн. Казак тарап бул маселе боюнча ишти азырынча конкреттүү түрдө баштай элек. Көпкө созбой биз аны планга ылайык жасашыбыз керек. Бул Орусия менен Казакстандын чек ара аймактары менен кызматташтыгынын алкагында жүзөгө ашырылууга тийиш. Биз жакында ЮНЕСКОго кайрылып, трансчекарадагы биорезерв макамын алышыбыз керек. Бул биринчи кезекте Казакстанга өзгөчө экосистемасын коргоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков