Аяк оона айынын 1де Казакстанда калкты каттоо башталат

Аяк оона айынын 1де Казакстанда калкты каттоо башталат

Аяк оона айынын 1нен тогуздун айынын 30 чейинки аралыкта Казакстанда жалпы калкты каттоо жүргүзүлөт. Улуттук статистика бюросунун кабарлашынча, маалыматтар онлайн түрүндө да, салттуу ыкма менен да чогултулат. Каттоо учурунда Казакстандын жарандарына жалпысынан 87 суроо берилет. Анын ичинде 20 конкреттүү суроо камтылган. Белгилей кетсек, эл каттоодо 1446 бирдиктүү чалуу борборлору иштейт.

Асем Алдангар кызы, Казакстандын улуттук статистика бюросунун басма сөз катчысы:

- Аяк оона айынын 1де атайын sanaq.gov.kz сайты иштей баштайт. Бул жерде казакстандыктар тогуздун айынын 15не чейин эл каттоого байланыштуу бардык суроолорго онлайн режиминде жооп бере алышат. Салттуу жалпы сурамжылоо көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде онлайн режиминде каттоодон өтпөгөн респонденттердин арасында жүргүзүлөт. Салттуу этаптын жаңычылдыгы - маектешүү учурунда электрондук планшеттерди колдонуусу болот. Бул эл каттоонун маалыматтар сапатына адам факторунун тийгизген таасирин азайтууга, ИИН киргизүү менен каттоонун маалыматтарынын тактыгын жогорулатууга, кагаз жана кеңсе буюмдарын кыйла үнөмдөөгө, ошондой эле, маектешүүлөрдүн ыңгайлуулугун жана тыгыздыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Эске салсак, эл каттоо 2020-жылы өткөрүлүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу кийинкиге калтырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков