Улуу Британиядагы казактар эне тилин онлайн үйрөнүүдө

Улуу Британиядагы казактар эне тилин онлайн үйрөнүүдө

Улуу Британияда жашаган казакстандыктар онлайн режиминде казак тилин үйрөнүп жатышат. «Отандастар» фонду уюштурган курстун катышуучулары тилди үйрөнүү менен гана чектелбестен, улуттук каада-салттар жана маданияты менен таанышат. Бүгүнкү күндө алардын саны 60ка жакын.

Ляззат Бисенбаева, мугалим:

- Бул дүйнө жүзүндөгү бардык казактарды камтыган курс. Азыркы учурда бизде Англиядан, Түркиядан, Монголиядан, Өзбекстандан, Азербайжандан, көбүнчө Түркиядан тилди өздөштүрүүгө кызыккандар арбын.

Курстун катышуучуларынын бири - британиялык казактардын башын бириктирген ассоциациянын төрагасы Абдисалим Саваш. Анын ата-энеси оор жылдары Алтай крайынан Түркияга көчүп келишкен. Ал эми өзү 25 жашында Түркиядан Улуу Британияга конуш оодарган. 60 жаштагы аксакалдын 5 баласы бар. Бүгүнкү күндө ал жакындары менен бирге унутуп калгандарын жаңыртып, тилди үйрөнүп жатат.

Абдисалим Саваш, Улуу Британия казактары бирикмесинин төрагасы:

- Биздин казакчабыз - ата-энебизден кулагыбызга сиңип калган казак тили. Чала. Казак сөздөрүн үйрөнүп, өнүктүрүп келе жатабыз. Кудайга шүгүр, азыр казакчабыз жакшы болуп калды. Эми коронавирус пандемиясы аяктаса, баарыбыз дем алыш күндөрү жаштарды чогултуп, бул жерден интернет аркылуу байланышып, балдардын кызыгуусун арттырып, тилди үйрөтүүгө аракет кылабыз.

Даулет Есеналиев, мунай компаниясынын инженери:

- Мен Арыс шаарынын тургунумун. Лондондо 2010-жылдан бери жашайм. Аялым менен бирге биз мунай жана газ тармагында иштейбиз. Биз бири-бирибиз менен казакча сүйлөшкөнгө аракет кылабыз. Себеби, англис тилдүү чөйрөдө жүрүп, башка тилде сүйлөшсөн, өзүңдүн эне тилинди унута баштайсын.

Улуу Британиянын Казактары ассоциациясынын мүчөлөрү алдыдагы убакытта домбра чертүүнү онлайн режиминде үйрөнүүнү көздөп жатышат. Ошентип, өлкөдөн алыс жакта жүргөн мекендештердин улуттук дүйнө таанымынын алкагы кеңейет деген ишеним чоң.

Которгон: Илгиз Жамалбеков