Эл аралык стандартка ылайык сертификаттоо борбору ачылды

Эл аралык стандартка ылайык сертификаттоо борбору ачылды

Уюлдук телефондордон тартып автоунааларга чейин. Бардык «Made in Kazakhstan» өнүмдөрүнүн коопсуздугу жана сапат стандарттарына шайкештигин эми атайын лабораторияда текшерүүгө болот. Борбор калаада жаңырыксыз камерасы бар уникалдуу тест борбору ишке берилди. Бул жерде алар заводдун орнотууларын текшерип, кемчиликтерди аныктайт жана өнүм сатыкка чыкканга чейин аларды жоёт. Ошентип, алар республиканын базарына сапатсыз товарлардын чыгышына жол бербөөгө ниеттенүүдө.

Бакыт Султанов, Казакстандын соода жана интеграция министри:

- Ал 15 мамлекетте гана бар. Бул унаа жасоо, жогорку өнүм чыгаруучуга өз сапатын аныктоого мүмкүндүк берет.

Окумуштуулар бул долбоорду иштеп чыгууга 3 жыл мурун киришкен. Лаборатория ушул жылдын үчтүн айында тесттик режимде ишке берилген. Бул убакыттын ичинде алар 40ка жакын техниканы текшерип, өз корутундуларын беришкен.

Абилхайыр Олжабаев, Жеке компаниянын менеджери:

- Бизге сапат сертификаты берилет. Ата мекендик өнүмдөр башка өлкөлөргө караганда деңгээли жогору, сапаттуу экендигин көрсөтө алабыз. Бизде өнүмдө радиостанциялар бар, кичинекей учактар жана газ эсептегичтер бар. Үчөө тең ушул жерде текшерилип жатат.

Дагы бир айта кетчү жагдай, теке айынан баштап техникалык жөнгө салуу боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Алар өлкө рыногуна кирген бардык өнүмдөргө көзөмөлдү күчөтүүнү көздөйт. Ошондуктан лаборатория керектүү учурда ачылганын адистер белгилешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков