Казакстан мобилдик интернети эң арзан 5 мамлекеттин катарында

Казакстан мобилдик интернети эң арзан 5 мамлекеттин катарында

Казакстан мобилдик интернет үчүн дүйнөдөгү эң арзан өлкөлөрдүн бири болуп катталды. Тактап айтканда, Internet Accessibility Index интернетке жеткиликтүүлүктүн глобалдык рейтингинде жергиликтүү уюлдук түйүндөргө эң арзан баа коюлган өлкөлөрдүн бештигине кирди. Бул тизменин башында Индия турат. Анда 1 гигабайт трафиктин наркы 0,4 долларды түзөт. Экинчи орун интернет пакети 0,6 доллар турган Израилге таандык. Орусиянын жана Шри-Ланканын тургундары бул кызмат үчүн жогорудагы суммадан бир аз көбүрөөк төлөшөт. Ал эми Казакстанда орточо наркы 0,9 доллар, же болжол менен 385 теңгенин тегерегинде.

Динара Инкарбекова, Уюлдук байланыш оператору компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү, көз карандысыз мүдүр:

- Чындыгында эле, Казакстан мобилдик интернети эң арзан жана жеткиликтүү өлкөлөрдүн бири. Башка өлкөлөрдө анын баасы бир топ жогору. Буга кошумча, уюлдук операторлор түйүндүн сапатын тынымсыз жогорулатып турушат. Таркатуу аянтын кеңейтүү жана жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн көп каражат сарпталат. Себеби, киргизиле турган программалар жана ар кандай заманбап шаймандар сырттан алынып келинет.

Бүгүнкү күндө интернет казакстандыктар үчүн байланыштын негизги каражаты болуп, аны колдонуучулардын катары жыл сайын өсүп келет. Маселен, өткөн айдын башында уюлдук интернетке Казакстанда 16 миллиондон ашуун абонент катталган. Мындан тышкары, өлкөдө бул тармакка инвестиция салуу артып келет. Ушул жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча капиталдык салымдардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 63,2%га өскөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков