«Санарип теңге» төлөм тутумунда атаандаштыкты арттырат

«Санарип теңге» төлөм тутумунда атаандаштыкты арттырат

«Санарип теңге» банк кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле, төлөм тутумундагы атаандаштыкты күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми бул өз кезегинде казакстандыктар үчүн абдан пайдалуу. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башчысы Николай Подгузов билдирди. Анын айтымында, келечекте адамдар электрондук акчаны сактоо менен бирге инвестициялай да алышат.

Ал эми алардын криптовалютадан айырмачылыгы эмнеде? Серепчилердин айтымында, биринчи кезекте Улуттук банк түрүндөгү эмитеттин болушунда. Бул ишенимдүүлүккө кепилдик берет. Ошентип, акчанын жаңы түрү накталай жана электрондук акча менен катар, улуттук валютанын дагы бир түрү болуп калышы мүмкүн. Бирок долбоор кээ бир мүмкүн болгон коркунучтардан улам дүйнө жүзү боюнча этап-этабы менен ишке ашырылууда. Аларды кылдаттык менен изилдеп, даярдоо керек. Ал эми бардык жараянды каржы көзөмөлдөөчү органы башкаруусу зарылдыгын Николай Подгузов белгиледи.

Николай Подгузов, Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы:

- Башка рыноктор сыяктуу эле, Казакстандын каржы рыногу үчүн да тобокелдиктер окшош болуп келет. Бул салттуу банк тутумуна коркунуч, банк системасындагы маалымат агымынын болушу. Бул аны менен катар, киберкоопсуздук жаатындагы технологиялык тобокелдиктер, анткени бул жердеги төлөм системасы таптакыр башкача. Албетте, тобокелдиктер чоң, аларды туура баалап, туура даярдаш керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков