Касым-Жомарт Токаев Орозо айт майрамы менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев Орозо айт майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчысы казакстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунун тексти Акорданын расмий сайтында жарыяланды.

«Орозо айт ар бир адамдын жүрөгүнө ыйман нурун сээп, жакшылыкка чакырат, адамдарды жакшылыкка жетелеп, коомду кайрымдуу иштерге үндөйт. Бул аркылуу элибиздин береке-биримдигин чыңдап, ырыс-ынтымагын арттырат», - деп айтылат Мамлекет башчысынын Казакстан элине жолдогон куттуктоосунда. Президент өлкө элине ден-соолук жана бакубат жашоо каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков