Казак күрөшү менен алектенген Жаңы Зеландия жараны

Казак күрөшү менен алектенген Жаңы Зеландия жараны

Жаңы Зеландиялык сумо күрөшүнүн чебери Чико Пембертон казак күрөшүнө кызыгып, элдин улуттук спорттук түрүн мыкты өздөштүргөн. Ал 4 жыл катары менен «Дүйнө Илбирсинин» боз килеминде таймашуу үчүн 14 миң чакырымды багындырып жүрөт. Жыл сайын ал эң оор салмак даражасында өз күчүн сынайт. Төө балбандын салмагы 175 кг.

Чико Реремоана Пембертон, Жаңы Зеландия тургуну:

- Жакында бул спорт түрүн өзүм үчүн ачтым. Эл аралык казак күрөшү федерациясынын өкүлдөрү мени Жаңы Зеландиянын атынан мелдешке катышууга чакырышты. Сунуш ошол замат кызыгууну туудурду. Бул мен сүйгөн спорттон таптакыр башкача. Анын өзүнүн эрежелери жана ыкмалары бар. Азыр акырындык менен үйрөнүп жатам. Казакстандын курама командасы абдан тажрыйбалуу. Менин каршылаштарым канчалык жеңил болгону менен, айланы алты кетиришет.

Чет элдик жаран спорттун улуттук түрү менен катар, өлкө дагы адамды өзүнө тартып тургандыгын айтат. Жергиликтүү тургундардын меймандостугу өзгөчө таасир калтырды. Чико Пембертон Нур-Султан жана Алматы шаарларында болуп, улуттук тамак-аштардан ооз тийип, казактын каада-салты менен таанышкан. Эми тилди үйрөнүүгө киришкенин айтат.

Чико Реремоана Пембертон, Жаңы Зеландия тургуну:

- Мага баары жакты. Жаратылышы кооз жана адамдары меймандос өлкө. Бул жерде көптөгөн адамдар менен таанышканыма кубанычтамын. Келген сайын жылкынын этин татып көргөнгө аракет кылам. Абдан даамдуу. Мен көптөгөн өлкөлөрдө болдум, бирок мындай меймандостукту көрө элекмин. Бардыгын дароо кыдырып чыгууга убакыт жетпейт. Дагы бир канча жолу келип кетем деп ойлойм.

Чико Пембертон Жаңы Зеландияга жакын жайгашкан Кука аралдарында жашайт. Ал негизинен күрөш жана сумо күрөшү түрлөрүнө кызыгат. Эми алардын катарына казак күрөшү кошулуп жатат. Алдыдагы максатым казактын улуттук спортунун негиздерин үйрөнүп, Казакстанга тез-тез келип туруу, дейт чет элдик балбан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков