Корей тасмасына тартылган казак кызы

Корей тасмасына тартылган казак кызы

Казак кызы Кореянын мыкты сериалдарына тартылып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурууда. Гүлдана Айзахова алгач Сеулга медицина жаатында билим алуу үчүн келген. Ал белгилүү сериалда ойноо сүйүктүү иши, хоббиси экенин айтат. Кастингге келген казак кызын корей режиссёрлору сырткы көрүнүшү жана корей тилин мыкты билгендиги үчүн тандап алышкан.

Гүлдана Айзахова, студент:

- Мен тартылган дорамалардын арасында өзүм аябай жакшы көргөн жана өткөрүп жибербей көргөн дорама «Пентхаус» деп аталат. Пентхаус азыр Кореяда гана эмес, бардык жерде абдан белгилүү болгон дорама. Ошондой эле, ал Казакстанда абдан популярдуу болду. Ошол аркылуу мени бардыгы таанып баштады. «Винченцо», «Итэвон класс» жана ошондой эле, тарыхый тасмаларга тартылдым.

Кореяда белгилүү актёр болуу, кандайдыр бир ийгиликке жетүү өтө кыйын. Бирок мээнеттин жемиши бар демекчи, популярдуулуктун алып келе турган белектери көп. Олуттуу гонорарды кошпогондо, тартуу аянтчасында актёрдун тынчын алууга эч кимдин укугу жок. Бирок Гүлдана алар чындыгында абдан жөнөкөй жана боорукер, ошондой эле, үйрөнө турган көп нерселер бар, дейт.

Гүлдана Айзахова, студент:

- Мени жалпысынан таң калтырганы - ал жактагы актёрлордун чеберчилиги. Өтө узун текстти бир заматта катасыз окуган кезде аябай таң калдым. Башкача айтканда, ал "Чон Со Джин" аттуу актриса, анын башкы ролдо ойногон чыныгы аты Ким Со Ён. Абдан жакшы актриса. Ал дорамада терс каармандын ролун аткарганы менен чыныгы жашоодо ар бир адамдын акыбалын сурап турат, абдан жаркыраган актриса.

Акыркы 5 жылда казак кызы башка мамлекеттин тилин жана маданиятын мыкты өздөштүрдү. Гүлдана келечекти айтууга шашылбайт. Бирок Түштүк Кореяда алган билимин өлкөгө алып келип, колдонууну көздөп жатат.

Гүлдана Айзахова, студент:

- Келечек тууралуу айта турган болсок, мен өз адистигим боюнча иштегим келет. Ал эми дорамага тартылуу же актёрдук кесип - бул жөн гана хобби. Мындан ары аны улантуу боюнча азырынча планым жок. Негизи Кореяда көп тажрыйба топтоп, бардыгын билип, мыкты өздөштүрүп алып Казакстанга барсам деген оюм бар.

Акыркы 5 жылда Казакстандын таланттуу жаштары дүйнөнүн төрт бурчунан ар кандай тармактарда өздөрүн көрсөтүп, жогорку ийгиликтерге жетишүүдө. Буга чейин Головкин, Димаш, Скриптонит, Сабуров Нурландын атын атап келсек, алардын катарын жакында эле белгилүү Грэммини жеңип алган Иманбек толуктады. Келечекте дүйнөгө белгилүү казакстандыктардын тизмесине «Эң мыкты актриса» же «мыкты дарыгер» наамы менен Гүлдананын да ысымы кошулуп калуусу толук мүмкүн. Муну убакыт көрсөтмөкчү...

Которгон: Илгиз Жамалбеков