Казакстанда электрондук соода жигердүү өнүгүүдө

Казакстанда электрондук соода жигердүү өнүгүүдө

Казакстанда электрондук соода жигердүү өнүгүүдө. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө интернет-дүкөндөрдүн гүлдөп турган учуру. Мисалы, 2019-жылы 700 миллиард теңгеге соода алмашуу жүргүзүлсө, былтыр ал 1,1 триллион теңгеден ашкан. Ошентип, интернеттен сатып алуучулардын саны көбөйүп, өсүү динамикасы 20 пайызга жетти.

Мындан тышкары, экономисттер электрондук соода менен катар накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү дагы көбөйгөнүн айтышат. Мисалы, ушул жылдын биринчи кварталында эле бул көрсөткүч 13 триллион теңгеге жетти, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп. Серепчилер белгилегендей, жалпы көлөмдүн 82% интернет жана мобилдик банкинг аркылуу жасалган накталай эмес операцияларга тиешелүү.

Ошол эле учурда, алар алдыдагы убакытта 2025-жылга карата Казакстандагы электрондук сооданын үлүшү ушул темп менен кеминде 15%га жетет деп болжолдошууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков