Казакстандыктар Ashyq тиркемесин колдоно албай жатышат

Казакстандыктар Ashyq тиркемесин колдоно албай жатышат

«Ashyq» тиркемесинин иши кайрадан үзгүлтүккө учурады. Колдонуучулар бул жолу программа iOS тиркемелер дүкөнүнөн жоголуп кетти деп нааразы болушууда. Androidге негизделген гаджеттерде «Ashyq» тиркемесин жүктөп алса болот.

«Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын өкүлдөрү техникалык көйгөйлөр келип чыкканын, азыркы учурда ал оңдолуп жатканын билдиришти. Эскерте кетсек, колдонмону мурунураак орноткон iOS колдонуучуларында программа өз ишин улантып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков