57 өлкөгө Казакстанга кирүүгө тыюу салынды

57 өлкөгө Казакстанга кирүүгө тыюу салынды

Казакстан 57 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режимди убактылуу токтотуу тууралуу чечимин узартты. Мындай чечим дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруу учурларынын өсүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды. Визасыз режимди токтотуу Австралия, АКШ, Бахрейн, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген туристтерге тиешелүү. Жыл аягына чейин алар уруксатсыз өлкөгө кире алышпайт. Мындан тышкары, казакстандыктарга расмий түрдө 13 өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Бугу айындагы майрамдарда өлкөнүн туристтери дүйнөнүн 18 шаарында эс ала алышат. Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, ата мекендик жана чет элдик авиакомпаниялар жумасына 117 эл аралык каттамды аткарат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков